Кара-Балтада «ИхсанЭко Групп» компаниясынын иши убактылуу токтотулду

Кара-Балта шаарындагы мурдагы товардык комбинаттын аймагында «ИхсанЭко Групп» компаниясынын иши убактылуу токтотулду. Жарандардын даттанууларынан кийин аймактын ээлери объектти бир тараптуу жаап коюшкан. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын бөлүм башчысы Расул Жусупов билдирди.
Анын айтымында, текшерүү абанын булганышын алдын алуу жана экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында жүргүзүлүүдө.
Объект Кара-Балта шаарынын түштүк өнөр жай аймагындагы Кожомбердиев көчөсүнүн 1А дарегинде жайгашкан. Текшерүү учурунда адистер ал жерде иштер жүргүзүлбөй жатканын аныкташкан.
Компаниянын өкүлү келерки жылы жер тилкесин берүү өтүнүчү менен кайрылууну пландап жатканын билдирген. Маселе чечилсе, компания 2027-жылы ишин кайра жандандырууну көздөйт.



