«Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борбору пайдаланууга берилди

2024-жылы президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөн «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борбору масштабдуу реконструкциядан өткөн соң пайдаланууга берилди.

Борборду реконструкциялоонун экинчи этабынын алкагында үч ири объект — заманбап Ulan Thermal Spa термалдык комплекси, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси (ФОК) жана 60 орундуу жаңы мейманкана салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев катышты.
Көп жылдар бою кесиптик бирликтердин карамагында болгон «Улан» борбору мезгилдин талабына ылайык жаңыланууга, материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана эс алуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө муктаж болчу.
Реконструкция эки этап менен ишке ашырылды. 2025-жылдын октябрь айында президент Садыр Жапаров борборго келип, жаңылоо иштеринин биринчи этабынын алкагында даярдалган объектилерди ачып берген. «Улан» борборунун инфраструктурасы реконструкциялоонун экинчи этабында жаңыланып, эс алуу, спорттук даярдык, ден соолукту чыңдоо жана туристтерди кабыл алуу боюнча мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейди.
Мында табигый минералдык булактардын негизинде түзүлгөн Ulan Thermal Spa термалдык комплекси жайгашкан. Ошондой эле минералдык суусу бар алты бассейн жана муздак таза суусу бар эки бассейн иштейт. Мындан тышкары, жайкы жана кышкы террасалары бар кафелер, ошондой эле 10–15 адамга ылайыкталган өзүнчө VIP SPA-аймак түзүлгөн.
Экинчи ири объект — спорттук машыгууларды жана ири иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылган заманбап дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси. Ал дзюдо, самбо, грек-рим жана эркин күрөш, кыргыз күрөшү, бокс сыяктуу спорт түрлөрү боюнча машыгууларды, окуу-машыгуу жыйындарын, республикалык жана эл аралык мелдештерди өткөрүүгө багытталган. Ошондой эле баскетбол, волейбол жана кичи футбол үчүн керектүү жабдуулар каралган.
Мындан тышкары, 60 орундуу жаңы мейманкана пайдаланууга берилди.
«Улан» борборундагы өзгөрүүлөр бүгүн ачылган үч объект менен гана чектелбейт. Комплекстүү реконструкциянын жүрүшүндө мурдагы жатак корпустары капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, ички жасалгалары жана эмеректери жаңыланды.
Спорттук инфраструктура эки футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары, теннис корту, 600 метрлик чуркоо жолу, воркаут-аймактары жана балдар үчүн оюн аянтчалары менен толукталды. Ошондой эле 650 көрүүчүгө ылайыкталган, чоң LED-экран менен жабдылган заманбап амфитеатр пайдаланууга берилип, концерттерди, маданий-массалык иш-чараларды жана ар кандай оюн-зоок программаларын өткөрүүгө шарт түзүлдү.
Мындан тышкары, ашкана оңдолуп, конференц-зал уюштурулду, кир жуучу жай заманбап өндүрүштүк жабдуулар менен камсыздалып, санитардык-тиричилик шарттары жакшыртылды.



