Коом

Бишкекте «Империя пиццы» жана «BBH» көңүл ачуу жайлары текшерилди

Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери жана Кайгуул кызматы «Империя пиццы» жана «BBH» жайларын текшерди.

Буга чейин Муниципалдык инспекцияга Табалдиев көчөсү 45 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн тургундарынан «Тынчтык жөнүндө» мыйзам бузулуп жатканы тууралуу даттануу түшкөн. Бул үйдө «Империя пиццы» жана «BBH» көңүл ачуучу жайлары жайгашкан.

Жерине Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбеков жана Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Надырбек Жусупов барышты. Шаардыктардын айтымында, бул жайларга келгендер таштанды таштап, ызы-чуу салып жана көчөгө заара ушатышат. Ошондой эле бишкектиктер бул жайлар таштандыны жергиликтүү тургундардын колдонуусуна арналган  челектерге ыргытышарын билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Буга байланыштуу протокол түзүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button