Окуялар
Бишкекте баланы суудан куткарган Бекен Асанбековго ыраазычылык кат тапшырылды

Бишкекте сууга түшүп кеткен баланы куткарып калган шаар тургуну Бекен Асанбековго Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы ыраазычылык билдирип, атайын кат тапшырды.
Социалдык тармактарда кеңири тараган видеодо эркек киши сууга түшүп кеткен баланы куткаруу үчүн жардамга келгени көрүнөт. Анын ыкчам жана чечкиндүү аракеттеринин натыйжасында бала аман калган.
Шаардык милиция Бекен Асанбековдун эрдигин, кайраттуулугун жана жарандык жоопкерчилигин жогору баалады.
Мекеме жарандарды айланадагыларга кайдыгер карабай, бири-бирине жардам берүүгө жана башкалардын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда биринчи кезекте жеке коопсуздукту эске алып, тез жардам кызматтарына кайрылуу зарылдыгын белгиледи.



