Коом
Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда

Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан шаарды иретке келтирүү, сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана муниципалдык жерлерди максаттуу пайдалануу багытында мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн У. Салиева көчөсү № 51 дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн алды жана арткы тарабында жайгашкан жеңил конструкциядагы мыйзамсыз чарбалык курулуштар жана тосмолор алынды.
«Ушундай эле иш-аракеттер Авиашаарчасындагы № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 17 жана 18-үйлөрдүн аймагында да жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат»,-деп айтылат маалыматта.



