Ашууларда кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилди

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек – Ош автожолунун айрым тилкелеринде жана Ош – Сары-Таш – Эркештам жолунда кар жаады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош автожолунун 125–139-чакырымдар аралыгында таңга маал кар жааган. № 9 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолго кум-туз аралашмасын себишкен. Учурда кар токтоп, жол ачык жана унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.
Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркештам автожолундагы Талдык жана Тонмурун ашууларында кар жаап жатат. № 960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолго инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө. Аталган ашууларда жол ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалган.
Министрлик айдоочуларды тоолуу аймактарда аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жолдор тайгак болушу мүмкүн экенин эскертип, унаалардын техникалык абалын текшерүүгө жана жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштырууга чакырды.
Ошондой эле айдоочуларга жолдо ылдамдыкты жана коопсуз аралыкты сактоо сунушталды.



