Коом
Касымалиев Транспорт министрлигине 50дөн ашуун техниканын ачкычын тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарага катышып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы алынган 50дөн ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жаңы техникалардын арасында самосвалдар, автогрейдерлер жана жүктөгүчтөр бар.



