Маданият

Туманбаев, Ниязбеков, Жунушалиев жана Маматканов «Манас» ордени менен сыйланышты

Кыргызстанда бир катар мамлекеттик кызмат адамдарына «Манас» ордени ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, өлкөдө өткөн ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштургандыгы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн:

I даражадагы Манас ордени менен:
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;
Ички иштер министри Улан Ниязбеков;
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев сыйланышты.

III даражадагы Манас ордени менен:
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов сыйланды.

Сыйлыктар ШКУ саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларды уюштуруп, өткөрүүгө кошкон салымы үчүн тапшырылганы белгиленген

Тектеш кабарлар

Back to top button