Коом

Бишкектин тургундары абанын сапаты тууралуу маалыматты онлайн режиминде көрө алат

Кыргызгидромет абанын тазалыгын 14 стационардык, бир автоматтык станция жана 50 датчик аркылуу көзөмөлдөйт. Маалыматтар мекеменин сайтында жеткиликтүү.

Бишкек шаарынын тургундары абанын сапаты тууралуу маалыматты онлайн режиминде текшере алышат. Бул үчүн Кыргызгидрометтин сайтына кирүү жетиштүү.

Сайтка абадагы зыяндуу заттардын акыркы 24 саат ичиндеги концентрациясы тууралуу маалымат жарыяланат. Бул көрсөткүчтөр калаадагы абанын булгануу деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет.

Абанын сапатынын индекси түстөр менен белгиленет:

жашыл — коопсуз;

сары — коркунучу азыраак;

кызыл — кооптуу;

сыя көк — өтө кооптуу.

Тектеш кабарлар

Back to top button