Саясат

Ленин райондук соту Тилекмат Кудайберген уулун үй камагына чыгаруудан баш тартты

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулун (Күрөңов) үй камагына чыгаруу өтүнүчүн кайрадан четке какты.

Аталган соттук мекеме ушундай эле өтүнүчтү 21-октябрда да карап, канааттандыруудан баш тарткан. Жактоочу Асел Аргынбаева мыйзамга ылайык, шектүүнү тергөө абагында бир гана жыл кармоо каралганын эскертип, аны эч жакка кетпөө тил каты менен бошотууну соттон суранган.

Жактоочунун айтымында, Кудайберген уулунун иши сотко өткөнүнөн бир жылдан ашты.

Тилекмат Кудайберген уулу 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун Конституцияны өзгөртүү сунушуна каршы тынчтык митингин өткөрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, Бишкектин Свердлов райондук соту аны ошол жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот активистти Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу ал 2022-жылы эркиндикке чыккан. Өзү коюлган айыптарды четке каккан.

Активист 2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга алмашылышына нааразылык билдирген активист-саясатчылардын тобуна кошулуп, аларды колдогон позициясын айтып чыккан. Ошол жылдын октябрында укук коргоо органдары активист-саясатчылар тобунун отуздай мүчөсүн кармаган маалда Тилекмат Кудайберген уулу Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган. Кошмо Штаттарда жүрүп ал кыргыз бийлигин сындоосун уланткан. 2024-жылдын январында Кыргызстандын бийлиги аны мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.

Тилекмат Кудайберген уулу 2024-жылдын ноябрында кыргыз оппозиционерлери менен жолуктурууну убада кылган мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев менен жолугуу үчүн Дубай шаарына барганын айткан. Активист кийин Фейсбукта билдирүү жасап, Эмил Жамгырчиев экөө кездешкен соң паспорту жоголуп кеткенин, кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен аны полиция кармаганын жарыялаган. Кийин бошотулуп, документи жок болгондуктан БАЭде жарым жылдай жашаган. Эмил Жамгырчиев анын айыптоолорун төгүндөгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2025-жылдын 19-апрелинде чет жакта жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Анда жарандык активист конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. Ошол жылдын 21-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алып, ошол бөгөт чара уланып келатат. 2026-жылдын февралында Бишкектин Ленин райондук сотунда айыбы угузулуп, соттук иши башталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button