Коом

Боом капчыгайында 2-ноябрдан тарта кооптуу таштар түшүрүлөт

Боом капчыгайындагы Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында 2-ноябрдан 6-ноябрга чейин кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, иштер күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Бул убакыт аралыгында унаа кыймылы жарым-жартылай чектелип, жол бир тилке аркылуу ачылат. Унаалардын саны 30–40ка жеткен учурда иштер убактылуу токтотулуп, алардын өтүүсүнө шарт түзүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button