Коом

Каржы пирамидасын түзгөндөрдү 12 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда

 Жогорку Кеңештин депутаттары каржы пирамидаларын түзгөндөргө жана жарнама кылгандарга карата жазаны катаалдаштырган мыйзам долбоорун сунушташты. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Ага ылайык, каржы пирамидасын түзгөндөргө, аны жетектегендерге же мамлекеттик реестрге кирбей туруп жарандардын акчасын, мүлкүн жана виртуалдык активдерин тарткан иш-чараларды уюштургандарга 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Ал эми мындай схемаларды ЖМК, социалдык тармак жана мессенджерлер аркылуу жарнамалап, ири өлчөмдө зыян келтиргендер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Кылмыш адамдардын тобу тарабынан же интернет-технологияларды колдонуу менен жасалса, жаза 7 жылдан 10 жылга чейин, уюшкан топ тарабынан жасалса 10 жылдан 12 жылга чейин жетет. Мындан тышкары, мүлкүн конфискациялоо да каралган.

Мыйзам долбоорунда күмөн жараткан финансылык операцияларды соттун чечимисиз 48 саатка чейин токтотуу, инвестициялык уюмдардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү жана алдамчы интернет-ресурстарды бөгөттөө сунушталган.

Демилгечилердин маалыматына караганда, 2026-жылдын тогуз айында интернет аркылуу жасалган алдамчылыктан келген зыян 337,5 миллион сомдон ашып, анын 2,6 пайызы гана кайтарылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button