Коом
Замирбек Надырбеков өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болду

Надырбеков Замирбек Касымбекович өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Буга чейин бул кызматты Алмазбек Асанов ээлеп келген. Ал Ала-Арчада каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнүн жагдайларын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматынан бошотулган.



