Алайда дайынсыз болгон альпинисттерди издөө үчүн тик учак колдонулат

Чоң-Алайдагы Корумду чокусунда дайынсыз болгон альпинисттерди издөө иштерине тик учак тартылат. Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун мүчөсү Александр Смирнов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин аба ырайы издөөгө тоскоолдук жараткан, ошого карабастан 11-августта дрон алты жолу учурулуп, 4 миңден 5,5 миң метрге чейинки аймак каралган. Азырынча топтун изи табыла элек.
«Калың жааган жаңы кар издерди, буюмдарды жана чатырды жаап калышы мүмкүн. Тартылган видеолорду литвалык адистер компьютердик көрүү технологиясы аркылуу талдап жатышат», — деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Бүгүн күн ачылгандыктан издөөгө тик учак тартылары күтүлүп жатканы кошумчаланды. Смирнов кар баскан тик мөңгү альпинисттер болушу мүмкүн деген негизги аймак катары каралып жатканын белгиледи.
Эске салсак, 1-августта үч кишиден турган альпинисттик топ Чоң-Алай районундагы 6 миң 613 метр бийиктиктеги Корумду чокусуна чыккан. 2-августта байланышка чыгып, түшүүгө толук даяр экенин билдиргенден кийин лагерге карай жол тартышкан. Бирок 4-августта белгиленген жерге кайтып келишкен эмес, ошону менен байланыш үзүлгөн.
9-августта Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине Беларусь альпинизм федерациясы спортчулардын дайынсыз болуп жатканы тууралуу расмий кайрылганы маалым болгон.
ӨКМдин куткаруучулары ошол эле күнү алардын чатырын табышкан, бирок ичинде эч ким болгон эмес. Дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин экөө Беларустун, бирөө Литванын жарандары.



