Коом
“ТезЖет” авиакомпаниясынын учагы бузулуп жүздөгөн жүргүнчү уча албай калды
Соцтармакка Оштон Бишкекке, Бишкектен Раззаковго уча албай калган жарандар нааразы болуп жазышууда.
Авиакомпаниянын өкүлү Азат Медербек уулу бул “Ош” аэропорту эртең менен жабылып саат 17:00гө чейин иштебей турганына байланыштуу экенин айтты. Мындан улам бүгүн саат 11:15те Раззаковго уча турган самолет келе албай калганын билдирди. Анан ал каттам эртеңкиге жылдырылды.
Бирок “Манас” аэропортунун маалымат кызматы Оштогу аба майдан жабылбай эле “ТезЖеттин” учагы бузулганын билдирди.
“Бишкектен Ошко учуп барган самолету техникалык мүчүлүштүккө учураган. Учурда оңдоо иштерин жүргүзүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.
@user2



