Аймактагы аким, айыл өкмөтү сыяктуу жетекчилерге талап күчөйт
Премьер министр М.Абылгазиев облус жана айыл башчылары менен өткөргөн кеңешмеде аймакта жаралган маселени жергиликтүү жетекчи өз убагынан кечиктирбей чечиши керектигин айтты.
Элетте жаралган көйгөйлөрдү чечүү айыл өкмөтү, акимдердин ишмердүүлүгүнө көз каранды. Бирок жарандар көбүнчө жергиликтүү бийликтен мурда түз өкмөткө кайрылышаарын тажрыйба көрсөтүп келе жатат.
Премьер министр: “Биздин максатыбыз элдин жашоо-деңгээлин көтөрүш. Ал үчүн эмне кылыш керек? Максималдуу түрдө жумушчу ордун түзүш керек. Кээ бир акимдерди эл айтат, ал бардык маселелерди чечип, эл менен кошо ылай, суу кечип жүрөт деп. Ал эми айрым акимдерди айтышат, анын бар-жогу билинбейт деп. Айыл жеринде болуп жаткан бардык нерсе силердин колуңарда”.
Өкмөт башчы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн алар башкарган аймактардагы абал тууралуу сурап кайрылды. Жооп бере албаган жетекчилер сынга кабылды.
Айрым акимдер ал башкарган райондо канча пенсионер бар экени, бир жылдык бюджетти да билбегендер болду.
Балыкчынын акими да канча пенсионер бер экенин билбей унчукпай туруп берди. А түгүл райондогу элдин санын да билбеген акимдер бар болуп чыкты.
Жергиликтүү бийликтердин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынганы жатат. Бул элеттеги көйгөйлөрдү чечүү маселеси борбордук жетекчиликтин кароосуна топтолбостон өз учурунда жөнгө салууга багытталган. Дал ушул өзгөрүүлөрдү эске салган Өкмөт башчысы облус менен район жетекчилигинин укугу менен бирге жоопкерчилиги да күчөтүүлөрүн белгиледи.
Abal.kg