Жетим балдардын жашаган батирин алып калууга жардам керек

Ош шаарынын тургуну 52 жаштагы Эркинова Асел апа коомчулуктан жардам сурап, тɵмɵнку маселе менен кайрылып жатат.
Асел апанын уулу Бакыт (каармандардын аттары белгилуу себептерден улам ɵзгɵртүлдү) 2013-жылы Ош шаарындагы Финансы кредит банктан 3 бɵлмɵлүү батирин күрɵɵгɵ коюп, бизнес жасоо үчүн насыя алат. Иштери жакшы болбой, Бакыт Россияга барып иштеп банктын насыясын тɵлɵп жүрүп, катуу ооруп калат (диагнозу: саркодиоз поясничного отдела). Ушул ооруу менен күрɵшүп, кымбат баадагы операцияларды жасатып, бирок, натыйжасы болбой, Бакыт каза болот. Артында эки баласы калат.
Асел апанын чоң уулу да психикалык жактан оорукчан. Бакыттын келинчеги эки баласын Асел апага таштап Россияга иштегени кеткен. Улуу баласы мектепке барат. Келиндин салган акчасы балдарына араң жетет. Ушинтип бул үй-бүлɵ 2016-жылдан бери жүйɵɵлүү себептерден улам банктын акчасын тɵлɵй албай жатат. Асел апа ɵзү да оорукчан, кан басымы кɵтɵрүлүп дайыма дарыгердин кɵзɵмɵлүндɵ. Учурда аталган банк атасы каза болгон, энеси мигрант эки баланы батирден чыгуусун талап кылып жатат.
Асел апа банктын жетекчилигинен батирди базар баасына сатып, банктан кутулуп, калган акчасына жетим балдарына жашаганга баш паанек кылууну суранган. Бирок, жетекчилик ɵз шарттарын айтып, макулдук бербей жатат. Ушундай кейиштүү тагдырга туш болгон бул үй-бүлɵгɵ батирлерин сактап калганга укуктук жактан жардам берчүлɵр барбы? Кыштын чилдесинде убактылуу жашаган батирденда чыгарбайт го. Мыйзам карапайым элге калганда иштейт! Аткаминерлерге кааласа иштейт!
Abal.kg