Коом

Кытайдан Кыргызстанга 42 киши келди

Кыргызстанга Кытайдан 28-29-январь күндөрү 42 киши келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кытайдан келгендердин 24ү кыргызстандык, калган 18и кытайлык жарандар.

Келгендердин баары тепловизордун жардамы менен медициналык процедурадан өтүштү, аларда оорунун белгилери табылган жок. Москва районундагы ооруканада 6 киши, Сокулук районунда 3 киши жатат. Алардын абалы канааттандыраарлык, дарыгерлер көзөмөлдөшүүдө. Калган 33 киши андан ары жашаган жеринен медициналык көзөмөлдөн өтүшү үчүн үйлөрүнө кое берилди.

Ысык-Ата районундагы ооруканада жатышкан Кытайдан келген алты студент  да чыгарылды.

30-январда санитардык-карантиндик пункттардан 14 миң 445 киши текшерүүдөн өтүштү.

Акыркы маалыматтарга караганда, коронавирусту Кытайдан башка өлкөлөрдө (18 мамлекетте) жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты. Кытайдын өзүндө 30-январга карата 170 адам каза болуп, дагы 8 миңге жакын киши илдетти жуктурганы кабарланган. Мындан тышкары 1 миң 370 адамдын абалы оор экени айтылган.

Эскерте кетсек, Кытайдын өзүндө болжол менен 60 миллион адам жашаган бир нече шаар карантинге жабылды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button