Коом

Милициянын маянасы 40%га көбөйүп, батирде жашагандарга компенсация төлөнөт

2020-жылдын  30-31-январында Кыргыз Республикасынын ИИМде ички иштер органдарынын 2019-жылдын 12 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Коллегияга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев, ички иштер министринин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана райондук шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Бул отурумда 2019-жылдагы милициянын аткарган иштери, жетишкендиктери жана кемчиликтери тууралуу кенен сөз болду. Андан ташыкары 2020-жылдын 1-январынан баштап кызматкерлердин айлык маянасы 40% жогорулатылгандыгы айтылды (буга чейин бир кызматкердин айлык маянасы орточо эсеп менен 11 миң сомду түзсө, жогорулагандан кийин 19 миң сомду түзөт). Убактылуу батирде турган кызматкерлерге компенсация төлөнөт, эгерде кызматкер Бишкек шаарында батирде турса 9 миң сом, ал эми региондо батирде турса 7 миң 500 сом төлөнөт. 2020-жылдын 3-февралынан баштап, ички иштер органдарына кызматка кирип жаткандар жана кызмат өтөп жаткан кызматкерлер менен контракт түзүлөт.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button