Коом

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Кыргызстанда Орозо айт 20-мартта белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлады.

Мындай чечим Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган.

Ал эми, Кадыр түн 17-мартка караган түнү тосулат. Ал, эреже боюнча, Орозо айынын 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленет. Мусулмандар бул түндү ибадат кылып, дуба окуу менен өткөрөт.

Маалыматка ылайык, келерки жума күнү эс алуу болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button