Дүйнө

Коронавирус жуктурбаса да чочулаган фермер өз өмүрүн кыйды

Индиянын Анхра-Прадеш штатынын 50 жаштагы тургуну коронавирусту үй-бүлөсүнө жуктуруудан чочулап, өз өмүрүнө кыйды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Акыркы кездерде Бала Кришна (Bala Krishna) аттуу фермер телефон аркылуу коронавирус жөнүндө видеолорду көп көрүп баштаган. Бир күнү ал жөтөлүп жатканын байкайт. Бир нече күндөн кийин өзүнө вирус жуктурдум деген диагноз коюп, ооруканага кайрылган. Ал жерден вирусттук лихорадка (дене табынын көтөрүлүшү) экенин билдиришкен.

Эскерте кетсек, Индияда вирус жуктурган 3 учур гана катталган. Бирок анын бири дагы Анхра-Прадеш штатында болгон эмес. Дарыгерлер ал коронавирус жуктурбаганын айтышканда ишенбей койгон.

9-февралда Кришна үй-бүлөсүнө андан алыс жүрүүнү эскерткен. Ага жакындагандарга таш ыргытып, жанына эч кимди жолоткон эмес. Ал эми 11-февралда жакындарын үйүнө камап, апасынын мүрзөсүнө барып, өз өмүрүн кыйган.

Маркумдун уулу убагында көңүл бөлүнбөгөнү үчүн ушундай окуя болгонун билдирди.

Ал эми дарыгерлер анын коронавирус жуктурбаганын аныкташты жана психикалык жактан убагында көмөк көрсөтүү керек болгонун айтышты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button