Окуялар
Атасынын унаасын айдап чыккан өспүрүм адамды тебелеп өлтүрдү

Атасынын унаасын айдап чыккан 15 жаштагы окуучу эки адамды сүзүп, бири мерт кетти. Бул тууралуу Ош ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Кечээ кечинде,19-февралда саат жетилер чамасында Ош шаарынын Тээке айылында жашаган 2005-жылкы бала атасынын «Хундай-Портер» унаасын айдап кеткен. Ал жолдо баратып рулду башкара албай, жол жээгиндеги эки адамды сүзүп кеткен. Алардын бири Тээке айылынын 1977-жылы тургуну Р.Г. жана 1975-жылкы Э.С. болгон. Окуя болгон жерден 43 жаштагы адам Э.С. каза болду.
Бул окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Abal.kg