Саясат

Былтыр 20 сайт терроризмди пропаганда кылганы үчүн жабылган

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов интернетте улуттар аралык жаңжал чыгарууга аракет кылган учурлар көп эле болуп жатканын айтып, бул багытта алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин укук коргоо органдарынан суранды. Ал мындай пикирин парламенттин профилдик комитетинин жыйынында айтты.

Өз кезегинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өкүлү ушундай багыттагы материалдар боюнча Бишкек шаарынын соту тарабынан 15 өкүм чыгып, анын жыйынтыгында 20 интернет-сайт менен социалдык тармактагы 98 аккаунт жабылган. Андан сырткары мессенджерлердеги 26 топтун ишине чектөө киргизилген.

Аны менен катар улуттар аралык, аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган 33 факты аныкталып, алардын 14 учуру менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button