Коом
Бишкекке 650 миллион сомго 100 автобус сатып алынат

Бишкек мэриясынын “Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасы” жаңы автобус сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалымат боюнча бул максатка 650 миллион сом каралган. Арыздарды кабыл алуу 18-мартка чейин уланат.
Лот №1 46 автобус алууга 351 миллион сом.
Лот №2 54 автобус алууга 299 миллион сом.
Тендердин талабы боюнча автобустар 2020-жылы чыгарылган, ичине 70тен ашык киши бата тургандай болушу керек. Ал эми отургучтары 26дан көп болушу шарт.
Аны менен катар автобуста майыптар үчүн дагы шарттар каралуусу кажет. Тактап айтканда коляска менен жүргөндөргө атайын пандустар болушу зарыл. Эң башкысы автобус газ менен жүргөнгө ылайыкташуусу керек.
Abal.kg