Окуялар

Жалал-Абадда эки жаштагы наристе иске ууланып көз жумду

Жалал-Абад облусунда 2020-жылы туулган наристе иске ууланып каза болду. Маалыматты Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматынан тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, 8-январда саат 01:30 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынан милицияга билдирүү түшкөн.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына «Уулануу» болуп катталып, териштирүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге Жалал-Абад ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган.

«2023-жылдын 7-январында саат 20:00 чамасында 1993-жылы туулган келин кошумча жумуш кылганы идиш жууганы чыгып кетип жатып, 2019-жылы туулган эркек баласын жана 2020-жылы туулган кызын уктатып үйүнөн чыгып кеткен. Кайра 23:30 чамасында жумуштан келсе, үйүндө электр жылыткычтын зымы ээрип, түтүн каптап, кызы каза болуп калгандыгы аныкталган. Уулу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button