Саясат

Сапар Исаков эмнеден ууланды?

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда  ЖЭБди модернизациялоо боюнча коррупцияга шектелгендердин соттук отуруму болмок.

Бул сотко катыша турган экс-премьер-министр Сапар Исаковдун абалы кескин начарлап, сот отуруму 2-мартка жылдырылды.

Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев  анын УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан ууланганын кабарлады.

-Ал эмнеден  ууланганын өзү да билбейт, — дейт жактоочусу. – Азыр Сапар Исаков дарыгерлердин көзөмөлүндө. Дарыгерлер бүгүн  сот процессине баруусуна тыюу салгандыктан, бул процессти жылдырууга туура келди,- деди Замир Жоошев.

Эске салсак, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялап, үч жыл мамлекеттик кызматтарга иштегенге тыюу салынган өкүм чыгарган эле.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button