Коом

Нарында 10 дөбөт карышкыр атылды

Нарын районунда жыл башынан бери 10 дөбөт карышкыр атылып, жок кылынды. Бул тууралуу Нарын облусундагы мергенчилер менен балыкчылар коомунун төрагасы Адилет Черикчиев билдирди.

Анын айтымында, былтыр облус боюнча 58 карышкыр жок кылынган.
Белгилей кетсек, өкмөт тарабынан бекитилген токтомго ылайык, карышкыр менен чөөнү аткан мергенчилерге сый акы каралган. Чоң карышкырды аткандарга 6000 сом берилсе, бөлтүрүктү аткандар 1500 сом алат. Ал эми чөөнү аткандар 2000 сом сый акы алышат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button