Кыргызстанда 25 жылдан ашкан самолётторду колдонууга тыюу салынды
Чыгарылган датасынан тартып 25 жылдан ашкан аба кемелерин Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизүүгө тыюу салынды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилүүчү жүк аба кемелерин чыгарылган датасына карата чектөө жана ага байланыштуу колдонуу мөөнөтү кайра каралып чыкты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, чыгарылган датасынан тартып 50 жылдан ашпаган, коммерциялык жүк ташууларга арналган аба кемелеринен тышкары, чыгарылган датасынан тартып 25 жылдан ашкан аба кемелерин Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизүүгө; чыгарылган датасынан тартып 50 жылдан ашкан жүк ташуучу аба кемелерин эксплуатациялоого; чыгарылган датасынан тартып 40 жылдан ашкан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилген аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды.
Мындан тышкары киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык учууга жараксыздыгына байланыштуу акыркы 2 жыл ичинде учпай турган аба кемелери Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринен чыгарылат.
Abal.kg