Коом

БШК жаңы киргизилген талаптар, жоболор тууралуу маалымат берди

БШКда жергиликтүү жана жогорку кеңешке талапкерлерди каттоодо  кандай өзгөртүүлөр киргени тууралуу журналисттерге маалымат берилди.

Эмки талап боюнча жергиликтүү кеңешке депутат болчу талапкерлердин жок дегенде орто билими болушу зарыл экендигин БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

12-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге, алардын ичинен беш шаарда шайлоо өтөт. Алар — Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу калаалары.

Төрайымдын айтымына караганда, буга чейин мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген.

«Жергиликтүү кеңешке депутат болом деген талапкерлердин бардыгына толук орто билимдүү болушу керек деген талап коюлду. Буга чейин жогорку билим керек деген талаш-тартыш чыккан. Жогорку Кеңеш жок дегенде толук орто билими туурасында чечим кабыл алып туура кылды деп ойлойм», — дейт Шайлдабекова.

Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарына жогорку билим талап кылынбагандыктан жергиликтүү кеңештин депутаттарына мындай чек менен шарт коюш туура эмес деп айтты.

Муну менен кошо эле документтердин жасалма эместиги боюнча талап күчөгөндүгүн, ал үчүн талапкерлер жооптуу болорун кошумчалады. Андан сырткары, талапкерлер тапшырган декларациясында чет өлкөнүн жараны эместигин да көрсөтүшү керек.

Андан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясына журналисттерди кызыктырган суроолор берилип, талкуу болду.

Көпчүлүк ММК өкүлдөрү шайлоонун үгүт иштери башталган кезде кандай талаптар бар экени, аккредитациядан өтүүнүн жол-жоболору тууралуу маалыматтар менен таанышты.


Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button