4-марттан 1-июлга чейин Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бүгүн, Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту 2020-жылы 4-марттан 1-июлга чейин борбордо ар кандай митингдерди өткөрүүгө чектөө киргизүү тууралуу чечимди чыгарды.
Себеби, Биринчи май райондук акимиатына шаардын жарандарынан борбордун көчөлөрүнө ар кандай тынчтык митингдерин, дегеле коомдук жайларга ар кандай иш чараларды өткөрүүгө каршы экендиги тууралуу арыздар көп түшкөн. Мындай митингдердин аягы борбордогу баш аламандыкка алып барарын, өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо керектигин, жол транспорттордун жүрүшүнө тоскоолдук жаратып жатканын айтышкан эле.
Ал эми арызданган жарандардын жарымы дүйнөдө болуп жаткан коронавируска байланыштуу мындай иш чараларды өткөрүүнү токтотууну суранышкан.
Саламаттык сактоо министрлиги да буга чейин элди топтошкон жерлерге барбоону, ар кандай оюн зоок, митинг сыяктуу иш чараларды кыскартууну сунуштаган эле.
Бул туурасында Бишкек шаардык Биринчи май райондук акимиаты сотко атайын кайрылуу жиберген. Кайрылуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту, бүгүн 5-мартта атайын чечим чыгарды.
Бишкек шаардык райондук соту 4-марттан 1-июлга чейин борбордо митинг, пикеттерге чыгууга тыюу салынганы боюнча чечим чыгарды жана “Шанс” кризистик борборунун демилгеси менен 8-мартта өтө турган митингдин өтүшүнө да тыюу салды.
Abal.kg