Саясат

Сооронбай Жээнбеков шайлоодо ачык айкындуулукту камсыздоону талап кылды

Президент  Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 5-мартта Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алып, бул шайлоо мамлекеттик органдардын күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого даярдыгы кандай экенин текшерүү болуп саналарын белгиледи.

Президент шайлоонун толук ачык-айкындуулугун, саясий партиялардын катышуусун жана аларга бирдей шарт түзүү зарылдыгын айтты.

Кыргызстандагы айрым шаарларда жарандарды жапырт каттоо аракети болгонуна тынчсыздануусун билдирип, буга карата тиешелүү органдар ыкчам реакция жасаганын канааттануу менен белгиледи.

Эскерте кетсек, быйыл 12-апрелде Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоо өтөт. Ага 22 саясий партия катышмай болууда. Ошондой эле бул күнү 25 айылдык кеңешке 375 депутат шайланат, алардын 142 мандатына аялдар келе алат.

Күзүндө Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button