Саясат
Кой-Таш окуясы боюнча угуу иштери аяктады
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча алдын ала угуу иштери 6-мартта аяктады.
2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы баш аламандык боюнча 14 кишиге айып тагылган. Алардын бири Алмазбек Атамбаев.
Кой-Таштагы окуя боюнча алдын ала угууга сот Марат Сыдыков төрага болгон.
Эми бул иш боюнча соттун алгачкы отуруму 23-мартта саат 10:00дө Биринчи май райондук сотунда жабык түрдө болот.
Abal.kg



