Коом

Бишкек шаарынын тургунуна чет өлкөдөн унаа алып келүүнү убада кылып, 8,5 миллион сом алдап кеткен

Бишкек шаарында ири алдамчылык боюнча шектүү кармалганын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Башкарманын маалыматы боюнча, 2025-жылдын 12-февралында Бишкек шаарынын тургуну райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, ошол жылдын февраль айында чет өлкөдөн унаа алып келүү шылтоосу менен арыз ээсинен 8,5 миллион сом алып, андан кийин убадасын аткарбай качып кеткен.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Полиция 1982-жылы туулган А.Э.ни аныктап, кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды. Анын башка кылмыштуу иштерге катыштыгы текшерилүүдө.

Полиция башка жабырлануучуларды издеп жатат жана адамдардан укук коргоо органдарына +996 (500) 09-60-95 же 102 телефону аркылуу кайрылууну суранат.

Тектеш кабарлар

Back to top button