Коом
5000 сом. Автобустарга жол бербеген айдоочуларга айып салынат

Коомдук транспортко жол бербеген айдоочуларга 5500 сом айып пул салынат. Бул тууралуу ”Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жол кыймылынын эрежелеринине ылайык, коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү отургузуп кыймылын баштаганда, башка унаалар ага жол берүүгө милдеттүү. Коомдук транспорттун айдоочусу жол кыймылынын коопсуз экенине ынангандан кийин гана жүрүшүн улантат.
Бул талапты аткарбаган айдоочуларга Укук бузуулар кодексинде каралгандай, 5500 сом өлчөмүндө айып пул каралган.
«Ошондой эле коомдук транспорт үчүн атайын бөлүнгөн сары тилке менен мыйзамсыз жүргөн айдоочуларга 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынат», — деп айтылат маалыматта.



