Коом
Казакстанда коронавирус. Кыргызстандагы мектептер карантинге жабылышы ыктымалбы? Өкмөттүн жообу

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу экенин вице-премьер Алтынай Өмүрбекова билдирди.
“Каникул башталарына бир жума калды. Бизде коронавирус катталбаганын эске алуу менен каникулдарды өз учурунда баштоону чечтик. Тактап айтканда 21-марттан тарта окуучулар жазгы каникулга чыгат”, — дейт ал.
Өмүрбекова андан сырткары эгер абал өзгөрө турган болсо өкмөт айрым өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн.
Премьер-министр андан сырткары мектептер көзөмөлдө экенин, бардык иштер план боюнча ишке ашып жатканын билдирет.
Abal.kg



