Саясат

М.Абылгазиев: “Үйүнө барбай, элдин саламаттыгын сактаган дарыгерлерге таазим!”(видео)

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: “Биз бардык жоопкерчиликти түшүнүү, тартипти жана өздүк гигиенаны сактоо менен гана коронавирус инфекциясын жеңе алабыз. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди.

“Биз чегарада турган кызматкерлерге, элдин саламаттыгын караган дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, аларды колдошубуз керек. Азыр ар бир кирген жаранды текшериш, мисалы, бир күндө миңдеген жаран кирет, алардын дене табын текшерүү, алар оорулуубу, сообу карап чыгуу үчүн психологиялык даярдык керек. Биз аларды колдошубуз керек. Медиктердин даярдыгына, алардын кылган кызматына абдан көз карандыбыз. Мен ойлойм биздин медиктер жогорку деңгээлде кызмат кылып, бул илдеттен бизди арылтат деп ишенем”,- деди.

https://www.facebook.com/okmot.kg/videos/866960157060104/?t=58

Abal.kg





Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button