Коом

Сузак районунда өзгөчө кырдаал. Коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок ,бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 19-мартта журналисттерге билдирди:

«Такталган маалыматтарга ылайык, умрадан келген учакта 144 адам болгон. Алардын баары текшерилди. 18-мартта аныкталган үч адамдан башкасынан оору аныкталган жок. Умрадан кайтып келген 144 адамдын баары аныкталды. Алардын ичинен экөө Өзбекстанга чыгып кетишкен. Алар тууралуу Тышкы иштер министрлиги аркылуу маалымат берилди.Алардын баары жер-жерлерде обсервацияга жаткырылды. Дарыгерлердин толук көзөмөлүндө».

Ооруну аныктоочу реагенттер жетиштүү, аймактардын баары мобилдүү лабораториялар менен жабдылат деп кошумчалады министр.

Ооруга чалдыккан үч киши жашаган Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген. Алар менен байланышкан бардык адамдар да дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button