Коронавирус. Профессор менчик клиниканын жаңылыштыгынан көз жумду

Россиянын борбору Москвада коронавирустан биринчи каза болгон аял нефть жана газ боюнча Россия мамлекеттик университетинин финансы менеджменти кафедрасынын профессору Валентина Зубарева болуп чыкты. Бул туурасында 19-мартта «Известияга» жакын адамдары билдиришкен.
В. Зубареваны ооруканага жеткиришкен шаардык № 7-клиникалык оорукананын тез жардам бригадасы 28-мартка чейин карантинге жабылышты. Алардан анализдерин алып коюшту, тыянагы кийинчерээк билинет.
Профессор аялды ооруканга жаткырып атышканда менчик медициналык мекеменин кызматкерлери анын коронавирус илдетине чалдыкканы туурасында дегеле шек кылышпаганы айтылат. Алар бейтаптын оорусун кадимки эле пневмония деп коюшкан.
79 жаштагы аял киши ооруп калганын биринчи жолу 13 – мартта сезген. Андан соң жеке менчик клиникада дарылана баштаган. Бирок ал клиникада эки күн жаткандан кийин инфекциялык ооруканага которулган. Анализден кийин коронавирус илдетине чалдыкканы айкындалган. Бирок, өтө көп убакыт өтүп кеткени көрүнүп турат.
Өнөкөткө айланган 2-типтеги кант диабети, атеросклероз, жүрөктүн гипертониясы сыяктуу ооруларынын фонунда аял пневмониядан көз жумган. Аялдын жакындары медиктердин көзөмөлдөөсүнө алынып, тиешелүү жайларга жаткырылды деп билдирди Москванын мэри Сергей Собянин өзү.
Акыркы сааттарда белгилүү болгондой Россияда коронавирс илдетине чалдыккандардын саны 199га жетти. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Abal.kg