Коом

УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу мыйзамсыз түрдө алган «Каракол» жаратылыш паркы мамлекеттин балансына кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдирди.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди легализациялоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Каракол лыжа базасынын жанындагы престиждүү аймакта жайгашкан базар баасы болжол менен 10 миллион сомго барабар болгон 2 гектар жер тилкеси табылып, Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын балансына кайтарылды.

Аталган жер участогуна лыжа туристтик базасын куруу пландаштырышкан, бул уюшкан кылмыштуу топко олуттуу суммадагы каражат алып келмек.

УКМК К.Асанбектин жана анын кылмыштуу тобунун мүлкүн издөө жана мамлекетке кайтаруу боюнча активдүү ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button