Коом

Коменданттык саат. Эмнелерге тыюу салынат жана талаптар кандай

Өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу Бишкекте коменданттык саат жүрөт. Бул тууралуу маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Мындай шартка байланыштуу шаардын коноктору бүгүн түнү Бишкектен чыгып кетиши керек. Анткени эртеңден баштап чыга албай калышат.

«Коменданттык саат 25-марттан баштап күчүнө кирет. Жарандардын кыймылына кечкисин чектөө киргизилет. 20.00дөн 07.00 чейин кеңири басып жүрүүгө болбойт», — дейт министрдин орун басары.

Алмаз Орозалиев азык-түлүк саткан дүкөндөр кадимкидей иштей берерин белгиледи.

Комменданттык саатты бузгандар жоопкерчиликке тартылат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button