Коом

Коронавирус. Умрадан келген, үй карантининдеги адам той өткөргөн

Коронавирус жаңы аныкталгандардын 14ү дагы умрадан келишкен. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт. Алардын билдирүүсүндө, Сауд Арабияга барып келген дагы 14 жарандан илдет аныкталды.

Бүгүн республикалык штаб дагы 26 кишинин анализинен вирус такталганын белгиледи. Алардын үчөө жаш бала. 16сы Сауд Арабияга барып келгендер. 12 адамга умрага барып келгендерден жуккан.

Кыргызстанда алгачкылардан болуп коронавирус умрага барып келген Сузактын үч жаранынан ырасталды. Алардын бири үй карантининде олтурганына карабай, той өткөргөн.

Андан кийин Ноокаттан умрага барып келген  үч аялдан жана Баткен облусунун бир тургунунан илдет табылды. Алар менен чогуу учуп келген жарандар карантинге алынды. 

Учурда Жалал-Абад облусунда 19, Ошто 20, Баткенде -1, Бишкекте-2. Калган облустарда каттала элек. 

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button