Саясат
Коронавирус. Эсепке 17 миллион 912 миң сом түштү. Кимдер которду( тизме)
Кечээ коронавирус менен күрөшүү эсебине 6 миллион 800 миң сом которулган.
Атайын эсепке Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев — 1 миллион сом, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жана «ЦУМ Айчүрөк» — 1,5 миллион сом, парламенттин мурдакы депутаты Алманбет Шыкмаматов 10 миң сом, «Республика» партиясынын мурдакы лидери Өмүрбек Бабанов — 3 миллион сом, Самсаалы Четимбаев — 10 миң сом, «Неман фарм» — 900 миң сом, «Лекарь» — 300 миң сом, Эл аралык ишкерлер кеңеши — 21 миң 258 сом, президент Сооронбай Жээнбеков — 53 миң сом, муфтият 700 миң сом которду.
Андан тышкары айрым уюмдар, фонддор, жеке ишкерлер тамак-аш, азык-түлүк, медициналык жабдык, беткап аркылуу да жардам берип жатышат.
Abal.kg