Саясат

Чет элдик жарандар Кыргызстандын аймагынан тоскоолдуксуз чыгып кете алышат

Кыргыз Республикасынын аймагында виза менен жана визасыз тартипте жүргөн чет элдик жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар 2020-жылдын 1-майына чейин чыгуу визаларын тариздебестен жана келген жеринде каттоосуз Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кете алышат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү буйрук кабыл алынды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга «жашыл коридор» ачуунун себеби чет мамлекеттерде бир катар чектөө чараларынын киргизилишине, ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусунун күч алышынан улам ар кыл өлкөлөр менен аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу чет элдик жарандарда жана жарандыгы жок адамдарда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүдө пайда болгон кыйынчылыктар болуп саналат.

Эми бул маселе чечилди. Чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар визасы жок, визасыз режим мөөнөтү аяктаган же каттоодо туруу мөөнөтү (жок болсо) бүткөн шартта да Кыргыз Республикасынын аймагында боло алышат жана 2020-жылдын 1-майына чейин андан тышкары тоскоолдуксуз чыгып кете алышат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандагы ЖОЖдордо окуган Индиядан келген студенттер өз өлкөсүнө кетүү үчүн атайын кайрылуу жасап, бул жакта калуу алар үчүн оор болуп жатканын билдиришкен эле.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button