Коом

Автоунааңызды да дезинфекциялатып алсаңыз болот. Көчмө туннел жасалды

Кыргызстанда коронавирустан сактануу үчүн адамдарды жана автомашиналарды дезинфекциялап өткөрө турган алгачкы көчмө туннелдер жасалды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, «Steelex» компаниясынын өкүлчүлүгү мындай туннелден экини жасап чыгарды, алар штабга бекер өткөрүлүп берилмей болду.

Мындан тышкары, аталган компания Covid-19 вирусуна анализ ала турган медицина кызматкерлери үчүн атайын чакан жабык кабиналарды чыгарууну пландап жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button