Коом
Алмаз Орозалиев шаардыктарга катуу эскертүү берип, 7 күн эшикке чыкпоосун суранды

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев шаардыктарга кайрылуу жасады. Ал:
«Урматтуу шаар тургундары, жакында 3-4 күндө коронавирус жуктуруп алган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордо инкубациялык мезгили аяктайт. Ошондуктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоого суранабыз ”, — деп чакырды.
Эскерте кетсек, оорунун биринчи белгисинин пайда болушуна чейин өтө турган убакыт — 14-21 кун, Кыргызстанда алгачкы учур 18-мартта катталган.
Abal.kg