Коом
Өлкө боюнча шайлоо тилкелери жабылып, добуш берүү аяктады

Кыргызстанда саат 20:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо аяктады. Ошондой эле, өлкө аймагы боюнча шайлоо тилкелери жабылды. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.
Анын айтымында, учурда автоматташтырылган эсептөө урналарынан шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча маалыматтар келип түшүүдө.



