Коом

Коронавирус. Бишкекте таксист үй-бүлөсүнө жуктурган

Бүгүн Бишкекте 25 адам коронавирус  жуктурганы тастыкталып, алар 60тан ашуун жакын тууганы менен байланышта болгону аныкталган.

Бишкекте иштеген таксист коронавирус жуктуруп, үй-бүлө мүчөлөрү дагы ооруга кабылган. Бул туурасында Бишкек мэри Азиз Суракматов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Азиз Суракматовдун айтымында, Бишкекте 25 адам COVID-19 жуктурганы тастыкталып, алар 60тан ашуун жакын тууганы, 204 кесиптеши, дос, таанышы менен байланышта болгону аныкталган.

«Карантин эрежесин сактабагандардын кеспети кандай болгону туурасында бир-эки мисал келтирип кетейин. Шаарда таксист болуп иштеген киши коронавирус жуктуруп алган. Ошонун менен бирге ал жубайына, кызына, күйөө баласына жана эки небересине жуктурганын өзү да билген эмес. Башка үй-бүлөдө бир адам төрт үй-бүлө мүчөсүнө жуктурган. Мындай учурлар көп», — деди Суракматов.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button