Коом
Аз камсыз үй-бүлөлөргө эки жумага жетчү азык-түлүктөр бериле баштады

Вице-премьер министр Эркин Асрандиев азыркы учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан тамак-ашы жок калган адамдардын тизмеси түзүлүп, аларга эки жумага жетчүдөй азык-түлүк топтому жеткириле баштаганын айтты.
Асрандиевдин билдиргенине караганда, аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам өткөн жумада эле бериле баштаган.
«Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен жөлөк пул алгандардан башка күнүмдүк тапкан акчасына жашаган көп киши бар экенин билебиз, алардын абалын түшүнүп жатабыз. Мындан улам азыркы учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан тамак-ашы жок калган адамдардын тизмеси түзүлүп, аларга эки жумага жетчүдөй азык-түлүк топтому жеткириле баштады. Каражат жергиликтүү бюджеттен жана ишкерлерден бөлүнүүдө», — деди Асрандиев.
Abal.kg