Окуялар

Интернет аркылуу жалган маалымат тараткан үч жигит кармалды (фото)

Кечээ,7-апрелде социалдык тармак аркылуу жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын УКМКсы жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында КРнын жарандары 1989-жылы туулган Т.у.Ч., 1986-жылы туулган А.Т.А., жана 1998-жылы туулган Ж.Т.М. аттуу жарандар аныкталды.

Алар социалдык тармактар аркылуу коронавирус жана учурдагы карантин режими боюнча чагымчыл маалыматтарды тараткан.

Жогорудагы адамдар менен профилактикалык иш-чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда анын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш-аракеттер жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button