Саясат

Саламаттык сактоо министрине орун басар болуп Нурболот Усенбаев дайындалды

Саламаттык сактоо министрдин жаңы орун басарына Нурболот Усенбаев келди. Ал  58 жашта. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Жогорку билимдүү.

Нурболот Усенбаев саламаттык сактоо министринин орун басары — Кыргызстандын башкы санитардык врачы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы орун басар 1962-жылы 23-апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун «санитардык дарыгер» кесибин аяктаган.

Эске салсак, буга чейин, 8-апрель күнү, министрдин орун басары Төлө Исаков өз каалоосу менен  ден соолугуна байланыштуу кызматтан кеткен эле.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button